Жаңылыктар
16.01.2025 20:13
Кароолор: 1074
БАТКЕН: ШАХТАДА КАЛГАН КЕН КАЗУУЧУ АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 16-январь күнү Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу уран астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 18:58де КР ӨКМнин шаардагы 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу майор У.Мурзамуратовдун башчылыгында чыгышкан.
Кошумча күч катары саат 19:25те 6, жалпы 13 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулардын ыкчам аракети менен кен казуучу аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди. Абалы туруктуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР