Жаңылыктар
25.07.2026 15:16
Кароолор: 50
БАТКЕН ШААРЫНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
2026-жылдын 23-июлунда Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылында жана Баткен шаарында сел жүрүп, ӨКМ тарабынан сел кесепеттерин жоюу чаралары ыкчам түрдө колго алынды. Шаар аймагында ПЭС ишканасынын имаратына сел суулары кирип, айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Ал эми Кара-Булак айылындагы селден улам "Алтын-Бешик" эс алуу жайында эс алып жаткан жаш балдар жана мугалимдер ӨКМ куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга чыгарылган.
Сел жүргөн аймактарда болгон ӨК министринин орун басары Нурбек Жумалиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сел өткөрүүчү сайды кеңейтүү, көпүрөнү чоңойтуу, ПЭС ишканасын сел коркунучунан коргоо үчүн сел каналын куруу, бул багытта долбоордук-сметалык иш кагаздарын тез арада бүткөрүү таршырмасын берди.