Жаңылыктар

04.02.2025 19:30

   Кароолор: 114

БАТКЕН: СЕЛДЕН КОРГОО ЧАРАЛАРЫ АЛГАЧКЫЛАРДАН БОЛУП КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНАН БАШТАЛДЫ

Белгиленген графикке ылайык, сел кооптуулугунан коргоо чараларын жүзөгө ашыруу үчүн ӨКМдин техникалык каражаттары тартылды. Быйылкы жылы Баткен облусунун аймагында алгачкылардан болуп Кызыл-Кыя шаарында башталып отурат. Караван аймактык башкармалыгынын Орто-Кыштак участкасындагы сел суулары кетүүчү каналдын кооптуу делген 1000 метр аралыгында механикалык тазалоо жумуштары аткарылмакчы.

ӨКМден бөлүнгөн экскаватордун жардамында механикалык тазалоо жана каналдын жээгин бекемдөө иштери аткарылдууда. Аталган участкада 2024-жылы 2 сел кырсыгы катталып, 15 турак үйдүн короо-сарайларын суу каптап, 1 чакырым ички чарбалык жол кум-шагалга толгон. Аталган объектте жумуш бүткөрүлсө, Орто-Кыштак айылынын 4 көчөсүнө болгон кооптуулуктун деңгээли төмөндөп, андагы 30 турак үй, 1 ФАП, 1 башталгыч мектеп жана 2 чакырым ички чарбалык жол сел сууларынан корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу