Жаңылыктар

27.06.2024 13:23

   Кароолор: 319

БАТКЕН: СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИНЕ ЖАЛПЫ 51 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 27-июнга карата Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында турак үйлөр толугу менен тазаланып, сел кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерине КР ӨКМнен 3 кызматкер, экскаватор жана самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, жергиликтүү бийликтен экскаватор жана 4 самосвал, 2 суу ташуучу унаа, №46 Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч, грейдер, самосвал, манипулятор, жергиликтүү тургундардан 240 жаран, 27 портер, 2 жүктөгүч, 3 экскаватор жана 1 трактор тартылды.

Ал эми Лейлек районунун Катраң айыл аймагындагы калыбына келтирүү иштерине Катраң айыл аймагынан 2 жүктөгүч, Баткен районунун Ак-Татыр жана Кыштут айыл аймактарында №2 Жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч, Суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу