Жаңылыктар

24.06.2024 11:29

   Кароолор: 318

БАТКЕН: СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 23-июнь күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжай районунун аймагында да нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел суулары келип, Орозбеков айыл аймагынын Охна айылында Таш-Булак, Пүшкөбөт сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Айдаркен — Кадамжай унаа жолунун 35-40-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган.

Аталган жол каттамын жана зыянга учураган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган ыкчам топ, №46 Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер, жеке менчик 1 экскаватор, жалпы 5 техника тартылган.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында кечээ, 23-июнь күнү саат 18:30дар чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Т.Кулатов көчөсүндө жайгашкан 2 көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүнө болжол менен 1200м3 (ички чарбалык арыктардан ашкан) жаан суулары кирип, Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 5 куткаруучу тазалоо иштерине тартылган. Бүгүнкү күнгө карата 5 куткаруучу жана 2 мотопомпо тартылып, сел калдыктарын тазалоо иштери дээрлик аяктоодо.

Учурда ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Т. Айткулов баштаган ыкчам топ, ӨКМ куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жеринде жумуш алып барууда. Ал эми келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу