Жаңылыктар

11.05.2024 00:12

   Кароолор: 638

БАТКЕН: СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДА ТАКТОО ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылдын 10-май күнү саат 18:00 чамасында жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Раззаков шаары, Сумбула, Ак-Суу айыл өкмөтүндө сай ичинде сел арада сел өз нугунда жүрүп,

Раззаков – Көк-Таш унаа жолунун 15-30 чакырым аралыктарынын айрым жерлерине кум шагыл түшүп, №13 Жол тейлөө ишканасынан тартылган жүктөгүчтүн жардамы менен унаа жол толук калыбына келтирилди.

Лейлек району боюнча ӨКМден жалпы 10 куткаруучу, 1 мотопомпо жана мэриядан грейдер тартылды.

Сүлүктү шаарындагы Макаевка көчөсү аркылуу өткөн сел өтүүчү сайдан сел суулары агып, жеринде №52 ӨКБдан 11 куткаруучу, №1 ӨМТККВнан 11 куткаруучу абалды көзөмөлдөөдө.

Баткен районунун Самаркандек айылындагы сай ичинен да сел суулары кеткен. Бактыга жараша кооптулук жаралган эмес. сел суулары өз нугу менен агууда. Эртең менен айыл өкмөтүнүн Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерине чыгышат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу