Жаңылыктар

15.04.2025 08:40

   Кароолор: 875

БАТКЕН: СЕЛ СУУЛАРЫНАН ЗЫЯН КЕЛГЕН ЖОК

Кечээ, 14- апрель күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандан улам Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек жана Алтын-Бешик айыл аймактарында айрым тилкелерде сел суулары келген.

Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы СМУ тилкесинде сел суулары сел топтогучка топтолуп, 2 түтүктүн биринчисинен коопсуз агып чыкты. Аталган сел топтогуч ӨКМ тарабынан 2020-жылы курулган болчу.

Ал эми Ак-Татыр айыл аймагынын күн батыш тарабындагы Гарым тоолорунан түшкөн сел суулары Ак-Татыр жана Үч-Дөбө айылын, Өрүкзар жана Аэропорт тилкесин аралап өткөн сел өткөрүүчү сай аркылуу өз нугунда өттү.

Мындан сырткары, Самаркандек айыл аймагынын түндүк тарабындагы адырлардан келген сел суулары "Орто-Сай-1" жана "Орто-Сай-2" тилкесин аралап өткөн сай аркылуу коопсуз өттү. Анткени аталган участкаларда ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу мерчемине ылайык сел коркунучунан коргоо иш-чаралары 2024-25-жылдары өз учурунда аткарылып, натыйжада сел суулары турак үй жана чарбалык жолдорго зыян келтирген жок. Жеринде Баткен районунун акими жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жумуш алып барды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу