Жаңылыктар

22.04.2024 19:53

   Кароолор: 26

БАТКЕН: СЕЛ СУУЛАРЫ КЕЛГЕН АЙМАКТАРДА ӨКМ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ЖУМУШ АЛЫП БАРУУДА

Алдын ала маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрель күнү саат 14:00 чамасында нөшөрлүү жаандан улам облустун Лейлек, Баткен району жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында сел суулары жүргөн.

Раззаков шаарынын Ак-Булак, Нооданек, 1-кичи районунун Откорм участкаларында саат 15:20да тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Лейлек райондук ӨКБнүн башчысы майор Б.Атакулов баштаган ыкчам топ, 40 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, 2 техника жана 3 даана мотопомпо, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан спринтер унаасында 1 даана мотопомпо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин адиси, ошондой эле Сүлүктү шаардык №52 ӨККБ 8 өрт өчүрүүчү куткаруучу жана 1 даана мотопомпо, Раззаков шаарынын мэриясынан 20 кызматкер, жүктөгүч жана грейдер тартылды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында алдын ала маалымат боюнча

саат 15:00 чамасында жаандын кесепитинен Чехов, Токтогул көчөлөрүндө, 15-кичи районунда сел суулары жүргөн. Тактоо иштерине жалпы 37 куткаруучу жана 1 бирдик АКУ, №4 Өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 15 куткаруучу жана 2 бирдик техника, 8 мотопомпо, жергиликтүү бийликтен 3 бирдик эксковатор, 1 бирдик жүктөгүч тартылды.

Баткен районунда саат 16:05тер чамасында Самаркандек айылында сел суулары жүргөн. Жерине Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы чыгышкан. Эки-Таш тилкесинде, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 165-166- чакырымында убактылуу жол каттам жабылып, саат 17:30да жол бир тараптуу ачылган.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн №2 Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч жана самосвал тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу