Жаңылыктар

19.05.2024 20:20

   Кароолор: 425

БАТКЕН: СЕЛ ӨТКӨРҮҮЧҮ КАНАЛДАРДЫ АЧУУ - КООПСУЗДУККА ӨБӨЛГӨ

Министрдин орун басары полковник Урматбек Шамырканов атайын алдын алуу чараларын ишке ашыруу боюнча иш сапарында Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында сел өткөрүүчү каналдан кабар алды. Соңку 5 жылдан бери жергиликтүү эл мыйзамсыз ээлеп алып, сел нугуна бак-дарактарды тигип алышкан. Быйыл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана шаардык мэриянын түшүндүрүү иштеринин натыйжасында эл ашар жолу менен 7 миңге жакын дарактарды кыйып, сел өткөрүүчү каналдын нугу ачылган.

Ушундай эле көйгөй, Раззаков шаарындагы Жаңы-Конуш жана Чыгыш көчөсүндө да орун алган. Сел өтүүчү каналдын нугуна мыйзамсыз курулган турак үйлөргө быйылкы жылдын апрель-май айларындагы жаан-чачындан улам 2 ирет сел суулары кирип, буга байланыштуу келерки жылга карата сел өткөрүүчү каналдын курулушун бүткөрүү Өкмөттүн токтомуна кирген. Кызыл сызыкка чыгып кеткен турак жайларды алуу жана Атайын алдын алуу чаралары боюнча жеринде шаар мэри, тиешелүү кызматтардын башчылары кошо жумуш алып барууда.

Турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушууда полковник У. Шамырканов түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сел өткөрүүчү каналды кеңейтүү, мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин ыкчам бүткөрүү тапшырмасын койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу