Жаңылыктар
28.12.2024 10:57
Кароолор: 349
БАТКЕН: СЕЛ, ӨРТ КЫРСЫКТАРЫНЫН КЕСЕПЕТИН ЖОЮУ ҮЧҮН АТАЙЫН ШАЙМАНДАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө атайын шаймандар тапшырылды. Жаңы жылды утурлай алынып келген шаймандар Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каржылык колдоо менен алынган.
Өздүк курам үчүн бүгүнкү колдоо өзгөчө дем болуп калды. Анткени район аймагындагы сел, өрт жана башка табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда биринче кезекте керектелүүчү шаймандар өзгөчө маанилүү. Ошондуктан, Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу 1 млн сомдук шаймандарды тапшырып жатып, куткаруучуларга ден соолук, күжүрмөн даярдык жана район аймагында келе жаткан жаңы жыл коопсуз өтүүсүн каалап өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР