Жаңылыктар

06.05.2024 12:18

   Кароолор: 196

БАТКЕН: СЕЛ НУГУНА КУРУЛГАН ИМАРАТТАР АЛЫНАТ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Баткен облусунун аймагында сел келген аймактарды кыдырууда. Жеринде ӨКМдин Мониторинг департаменти, шаардык мэриянын кызматкерлери менен кошо тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, кечээ, 5-май күнү нөшөрлүү жааган жаандан улам Раззаков шаарынын аймагында да сел суулары келген. Кырдаалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюуда ӨКМ куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барууда. Ал эми Чыгыш көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сел калдыктарын тазалоого ӨКМден бүгүн, 6-май күнү 10 куткаруучу тартылды. Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча жалпы 33 куткаруучу тартылды.

Маалым болгондой, Чыгыш көчөсүндө сел суулары кирген турак үйлөр негизинен селдин нугуна мыйзамсыз салынган. Министрдин орун басары жергиликтүү эл менен жолугушуп, селдин нугун ачуу зарылчылыгын түшүндүрүп, бул боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу