Жаңылыктар

26.05.2024 12:24

   Кароолор: 773

БАТКЕН: СЕЛ КЕЛГЕН АЙМАКТАРДА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Кечээ, 25-май күнү саат 16:00 чамасында жааган нөшөрлүү жаандан улам Лейлек районунун Раззаков шаарынын Ак-Булак айылында, Сумбула, Ак-Суу айыл аймагына да сел суулары келген. Сел суулары негизинен сел өткөрүүчү сайдын нугу менен келип, 2 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жертөлөсүнө, ички чарбалык жол жана арыктарга кирген.

ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов аталган аймактарда болуп, Божомолдоо жана мониторинг департаментинин кызматкерлери менен биргеликте сел келген аймактарда жеринде анализ жүргүзүп, тиешелүү сунуштарды даярдоо тапшырмасы берилди.

Маалымат катары айта кетсек, кечээки болуп өткөн каттуу жаандан улам ӨКМден ыкчам топ жана 9 куткаруучу, ошондой эле куткаруу шаймандары менен 2 техника, жергиликтүү жашоочулардан 10 киши, Ак-Суу айыл өкмөтүнөн жүктөгүч, №13 Жол тейлөө ишканасынан грейдер тартылып, Жеңиш айылындагы 1 турак үйдүн ичин тазалап, калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн.

Бүгүнкү күнгө карата Ак-Суу жана Сумбула айыл аймагында 3 техника калыбына келтирүү иштерине тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу