Жаңылыктар

07.05.2024 00:47

   Кароолор: 160

БАТКЕН: СЕЛ КЕЛГЕН АЙМАКТАРДА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ АЯКТООДО

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы сел жүргөн аймактарды кыдырып чыкты.

Кечээ, 5-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматынан техника тартылган.

Министрдин орун басары алгач Раззаков шаарындагы Чыгыш көчөсүндө болуп, сел кирген турак үйлөрдү көрүп чыкты.

Жеринде ӨКМдин Мониторинг департаменти, шаардык мэриянын кызматкерлери да болуп, сел сууларынын келүү себептерин тактоо иштери жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Чыгыш көчөсүндө сел суулары кирген турак үйлөр негизинен селдин нугуна мыйзамсыз салынган. Бул көйгөйдү жеринен аныктап, Министрдин орун басары жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда селдин нугун ачуу зарылчылыгын түшүндүрүп, бул боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды койду.

Ал эми Чыгыш көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сел калдыктарын тазалоого ӨКМден бүгүн, 6-май күнү 10 куткаруучу тартылды. Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча жалпы 33 куткаруучу тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Лейлекте селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү боюнча жыйынга катышты. Жыйынга райондук Жарандык коргонуунун башчысы – аким Канымет Осмонбеков да катышып, соңку кырдаал боюнча маалымат берди.

Отурумда "Өзгөчө кырдаал" режимин жарыялоонун критерийлери, анын кесепетинен үзгүлтүккө учураган таза суу, электр энергиясы менен ыкчам камсыздоо, Раззаков шаарындагы Чыгыш көчөсүндө 3 турак үй ээси мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөндүктөн, шаар аймагына сел жүрүү коркунучу жаралып жаткандыгын белгилеп, уруксатсыз курулган курулуштар боюнча меселени чечүү боюнча Архитектура, курулуш бөлүмүнө тапшырма берилди.

Андан соң Урматбек Шамырканов сел жүргөн аймактарда болуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Суу-Башы айылындагы Курулуш орто мектеби сел жүрүү кооптуулугу бар жерде жайгашкандыктан, абалды жеринен көргөн министрдин орун басары коргоо чараларын ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырмасын айыл өкмөт башчысына койду. Аталган айыл өкмөтүндө селден кийинки калыбына келтирүү иштери учурда кызуу уланып, электр жарыгы жана таза суу менен камсыздоо жумуштары дээрлик аяктоодо.

Аталган айыл өкмөтү үчүн маанилүү болгон долбоор-Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө. Бул багытта жумуш бүткөрүлсө, дарыянын эки жээги бекемделип, дамбанын курулуш иштеринин натыйжасында кошумча жер аянты өздөштүрүлөт.

Ал эми Сумбула айыл өкмөтүндөгү абал боюнча жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууда маалым болду. Кечээки селден улам ички чарбалык жолдорго да зыян келип, түнү бою жол каттамын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Бактыга жараша турак үйлөргө, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу