Жаңылыктар

25.06.2024 20:17

   Кароолор: 390

БАТКЕН: СЕЛ КАПТАГАН ТУРАК ЖАЙЛАР ТАЗАЛАНУУДА

24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жамгырдан сел жүргөн.

Аталган аймактарда селдин кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген. Ал эми Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар ошол учурда коопсуз аймакка көчүрүлүп, учурда үйлөрүнө кайтууда.

Түнү бою ӨКМ куткаруучулары менен кошо райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу