Жаңылыктар

23.04.2024 10:36

   Кароолор: 60

БАТКЕН: СЕЛ КАЛДЫКТАРЫНАН ТАЗАЛОО ИШТЕРИ АЯКТООДО

Кечээ, 22-апрель күнкү жаандан улам облустун Лейлек, Баткен району жана Кызыл-Кыя шаарында сел суулары келген. Ошол эле замат ыкчам топ жана ӨКМдин аймактардагы өздүк курамы тартылып, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлдү. Учурда Лейлек районунун Раззаков шаарында жалпы 22 турак үйдүн ичине, 24 жертөлөсүнө, 46 огород участка, 13 чарбалык имарат, 3 мал сарайда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө Лейлек ӨКБ 40, Сүлүктү ӨКБ 8 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, 2 бирдик техника жана 5 даана мотопомпо, Мониторинг жүргүзүү департаментинин адиси, Раззаков шаардык мэриясынан жүктөгүч жана грейдер тартылган.

Ал эми бүгүн, 23-апрелге карата Сүлүктү шаарындагы №1 ӨМТКВнан 9 куткаруучу. Раззаков шаарынан ыктыярдуу топ, 50 жергиликтүү жашоочулар жана МТЗ Трактор жана водовоз тартылды. Натыйжада калган 5 турак үйдүн короосу, 6 жертөлөнү тазалоо иштери улантылууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча, шаардык ӨКБ 29, Кадамжай райондук ӨКБнөн 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, №4 ӨМТКВнан 17 куткаруучу, ошондой эле АКУ, 2 техника, 10 мотопомпо, жергиликтүү бийликтен 3 бирдик эксковатор, жүктөгүч, тазалык ишканасынан 2 водовоз тартылып, бүгүн дагы Кадамжайдан 7 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылды. Натыйжада 3 көп кабаттуу турак үйлөрдүн ичинен 2 үйдүн жертөлөсүнө кирген сел суулары толук тазаланып, 1 үйдө тазалоо иштери улантылууда. Ал эми 30 турак үйдүн короосу толугу менен тазаланды.

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүн аймагында тактоо иштерине өкмөт башчысы, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана 3 офицер тартылып, Эки-Таш тилкесинде, тактап айтканда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 265-166-чакырымында №2 Жол тейлөө ишканасынын жүктөгүч жана самосвал техникасынын жардамы менен жол каттам толугу менен калыбына келтирилди.

Ал эми Кыштут, Төрт-Гүл жана Дара айыл өкмөтүнүн аймагында да ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуунун күч каражаттары жумуш алып барууда.

Кадамжай районунда Орозбеков айыл өкмөтүнүн Таш-Булак сел жүрүүчү сайында, Жоокесек жана Пүшкөн сел жүрүүчү сайында сел суулары келген. Ички чарбалык жолдун айрым жерлерине келген сел калдыктарын тазалоого 2 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу