Жаңылыктар
28.02.2025 14:55
Кароолор: 252
БАТКЕН: САМАРКАНДЕКТЕГИ ООРУКАНАДА ТҮНКҮ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Баткен районунун Самаркандек айылындагы Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунда түнкү машыгуу өткөрүлдү. Машыгууга аталган айылдагы ӨКМдин №31 ӨККБнүн өрт өчурүү унаасы жана өрт өчурүүчү-куткаруучулар, куткаруу иштерине Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылды.
Иш-чара Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулду. Аталган борбордо өрт чыккан учурда бейтап жана кызматкерлердин өмүрүн сактоо, эвакуация кылуу башкы максат болгондуктан, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарынын, ички жана тышкы суу булактарынын абалы, ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундарын окутуп үйрөтүү маанилүү болуп саналат.
Машыгуу учурунда өрт өз учурунда толук өчүрүлүп, издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында 3 жаран аман-эсен куткарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР