Жаңылыктар
10.02.2025 17:10
Кароолор: 508
БАТКЕН: САМАРКАНДЕКТЕ 55 ТУРАК ҮЙ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОЛУУДА
Белгиленген графикке ылайык, сел кооптуулугунан коргоо чараларын жүзөгө ашыруу үчүн ӨКМден тартылган жүктөгүч техникасы Баткен районунун Самаркандек айылына жеткирилди. Аталган айылдын “Ото-Сай-2 “ участкасындагы сел өткөрүүчү сайында кооптуу делген дээрлик 1 чакырымга жакын аралыкта механикалык тазалоо жумуштары аткарылат.
Самаркандек айылындагы бул сайда өткөн жылы 3 ирет сел суулары келип, турак үйлөрдүн короо-сарайларына чейин кирип, ички чарбалык жолдорду кум-шагалга толтурган.
Аталган объектте жумуш бүткөрүлсө, 55 турак үй, 1 мечит жана 2500 метр ички чарбалык арык, 2000 метр ички чарбалык жол сел алып кетүү коркунучунан корголот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР