Жаңылыктар
26.03.2024 17:27
Кароолор: 471
БАТКЕН: САМАРКАНДЕКТЕ 35 ТУРАК ҮЙ, 1,5 ЧАКЫРЫМ ИЧКИ ЧАРБАЛЫК АРЫК СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОЛОТ
"Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде быйылкы жылы Баткен районунун аймагында да сел коркунучунун алдын алуу жана коргоо чаралары жүрүүдө. Атап айтканда, Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Орто-Сай участкасындагы сел жүрүүчү сайында механикалык тазалоо жумуштары башталды.
Аталган объекттеги жумушту алып барууга ӨКМден бульдозер техникасы тартылып, учурда тазалоо иштери кызуу уланууда. Иш мерчеминде бекитилген 1000 метр аралыкта жумуш көлөмү аткарылып бүтсө, айылда 35 турак үй жана 600 метр ички чарбалык жол, ошондой эле 1500 метр ички чарбалык арык сел алып кетүү коркунучунан корголот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР