Жаңылыктар
06.09.2024 16:01
Кароолор: 572
БАТКЕН: САМАРКАНДЕКТЕ 197 ТУРАК ҮЙ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОЛУУДА
Азыркы тапта ӨКМден бөлүнгөн жүктөгүч жана бульдозер техникасы Баткен районунун Самаркандек айылында иштеп жатат. Орто-Сай участкасындагы сел өткөрүүчү сайда башталган жумуштун алкагында механикалык тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Натыйжада аймактагы жергиликтүү эл пайдалануучу 6 чакырым ички чарбалык жол, эң башкысы 197 турак үй сел коркунучунан коргоого алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР