Жаңылыктар

01.03.2025 14:17

   Кароолор: 246

БАТКЕН: САЙ ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ АРАКЕТИНДЕ САКСАУЛ КӨЧӨТҮНҮН УРУГУ ЭГИЛҮҮДӨ

Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы бүгүн ишембиликтин алкагында сай жээгин бекемдөө жумуштарын аткарууда. Шаардагы Чет-Булак кварталы аркылуу өткөн сел өткөрүүчү сай шаарды аралап өтөт. Аталган аймактагы 7 миңге жакын элдин турак үйлөрү сайдын эки жээгинде жайгашкандыктан, элдин коопсуздугун камсыздоо жана сай жээгин бекемдөө башкы максат болуп саналат.

Анткени саксаул дарагы суу жетпеген аймакта да тамыры 10-15 метрге чейин терең кеткен,

кумду бириктирүүгө жардам берип, ошол эле учурда кум бороондорунун пайда болушуна жол бербейт.

Андыктан өздүк курам 6 чакырымдан ашык узундуктагы сел өткөрүүчү сайдын эки жээгинде саксаулдун уругун сээп жатышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу