Жаңылыктар
23.05.2024 14:01
Кароолор: 588
БАТКЕН: САЙ АЙЫЛЫНДА 67 ТУРАК ҮЙ, 700 МЕТР ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГООГО АЛЫНАТ
ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Баткен облусунда болгон жумушчу иш сапарында Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылында да болду. Сел өткөрүүчү сайдын абалы менен таанышып, жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө алдын алуу багытында тиешелүү иштерди аткаруу боюнча тапшырмаларды койду.
Аталган участкада ӨКМдин быйылкы жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш мерчеминде бекитилген иш чаралар жүргүзүлүп, механикалык тазалоо иш чаралары жана сай жээгин бекемдөө иштерине ӨКМден техникалар тартылат.
Натыйжада аталган айылдагы 67 турак үй, 800 метр ички чарбалык арык жана 700 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан коргоого алынат.
Мындан сырткары, сай жээгине 200 даана габион торчосу орнотулуп, Сай айылында сел кырсыктарынан коргоо чаралары ишке ашырылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР