Жаңылыктар

20.05.2024 10:29

   Кароолор: 446

БАТКЕН: РАЗЗАКОВ ШААРЫНДАГЫ ШОР-БУЛАК СЕЛ ӨТКӨРҮҮЧҮ САЙЫНДА ТАЗАЛОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Кечээ, 19-май күнү ӨК министринин орун басары, полковник У. Шамырканов облуска болгон жумушчу сапарында Раззаков шаарындагы Чимген айылында да болуп, Шор-Булак сел өткөрүүчү сайын түздөө иштери боюнча шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына тапшырма койгон.

Ага ылайык, бүгүн 20-майга карата жергиликтүү бийлик тарабынан жүктөгүч техникасы тартылып, селден кийинки кум, шагылдарды тазалоо иштери башталды.

Маалымат катары айта кетсек, өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу учурда Сүлүктү шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда ыкчам штабдык жыйын өтүп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу