Жаңылыктар

22.04.2024 11:14

   Кароолор: 228

БАТКЕН: РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА 4 ТУРАК ҮЙ ЖАНА 0,5 ГА ОГОРОД УЧАСТКАСЫ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОЛУУДА

ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде облус аймагында сел кооптуулугунан коргоо иштери жүрүп жатат. Раззаков шаарында да учурда сай жээгин бекемдөө иштери уланууда.

Чимген айылындагы Шорбулак участкасында сел өтүүчү сайдын жээгин тазалоого жана бекемдөө иштерине ӨКМден самосвал жана габион торчосу бөлүнгөн. Ал эми габион торчолору жергиликтүү бийлик тарабынан ашар жолу менен орнотулду. Натыйжада 4 турак үй менен кошо 0,5 га огород участкасы сел коркунучунан коргоого алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу