Жаңылыктар
23.12.2024 18:00
Кароолор: 159
БАТКЕН: ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУУДА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИНЕ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Саналуу күндөрдөн кийин баарыбыз жаңы жылдык майрамды белгилейбиз. Бул күндү ар кандай кооздук жана жасалгалар менен белгилөө салтка айланган. Айрыкча, жаш балдар пиротехникалык каражаттарды өзгөчө жакшы көрүшөт. А бирок, коопсуздук эрежелерине маани берүү баарыбыз үчүн зарыл.
Мындан улам КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык бөлүмдөрү өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барып, балаты майрамдарын жана жаңы жылдык кечелерди өткөрүүдө өрт коопсуздук эрежелерин эскертүү менен, өзүн алып жүрүү тартиби боюнча нускама өтүп жатышат.
Баткен районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде, атап айтканда Бужум, Кара-Бак жана Чек айылдарындагы дүкөндөрдө, Самаркандек айылындагы базарда пиротехникалык каражаттарды саткан жарандарга ӨКМ жана Баткен РИИБ, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте атайын рейд уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР