Жаңылыктар

22.02.2024 12:10

   Кароолор: 816

БАТКЕН: ӨЗҮБҮЗГӨ САК, ЭРЕЖЕГЕ ТАК БОЛОЛУ

БАТКЕН: ӨЗҮБҮЗГӨ САК, ЭРЕЖЕГЕ ТАК БОЛОЛУ

 

ӨКМ офицерлери өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте улантып жатышат. Бүгүн Лейлек районунун Раззаков шаарында офицерлер соода түйүндөрүндө жана турак үйлөрдө коопсуздук эрежелерин эске алууну эскертип жатышат.

Ал эми Кызыл-Кыя,Айдаркен жана Сүлүктү шаарларында өздүк курам шаар тургундары үчүн кыш мезгилине карата меш жана жылытуу приборлорун туура орнотуу, электр зымдарын туташтырууда эске алынуучу жайгдайлар тууралуу кеңири маалымат берүүдө. Мындан сырткары, №8 А.Навои атындагы орто мектебинде үгүт-насаат иштерин да жүргүзүштү.

Ушундай эле жолугушуулар Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан да улантылып, билим берүү мекемелеринде жана соода түйүндөрүндө өрт коопсуздук эрежелерин алдын алуу иштерин жайылтууда

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу