Жаңылыктар
25.11.2024 15:13
Кароолор: 393
БАТКЕН: ӨЗДҮК КУРАМ КҮЗГҮ ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ ЖООКЕРЛЕР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
Майрамдык иш-чара жаш жоокерлердин салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Мекен алдында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө ар бир жоокер ант берип, бир ай ичинде үйрөнгөн аскердик коргонуу ыкмаларын ата-эне, жакындарына көрсөтүштү.
Салтанаттуу иш-чара КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командири подполковник М.Эргешов жана Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын командири полковник О.Э.Пазыловдун башчылыгында өткөрүлдү.
Отряд командири полковник О.Э.Пазылов белгилегендей, жоокерлер куткаруучулук менен кошо ашпозчу, ширетүүчү адистиктерин да өздөштүрүшөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР