Жаңылыктар

23.11.2024 16:12

   Кароолор: 352

БАТКЕН: ӨЗДҮК КУРАМ КҮЗГҮ ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ ЖООКЕРЛЕР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

Майрамдык иш-чара жаш жоокерлердин салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Мекен алдында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө ар бир жоокер ант берип, бир ай ичинде үйрөнгөн аскердик коргонуу ыкмаларын ата-эне, жакындарына көрсөтүштү.

Салтанаттуу иш-чара КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командири подполковник М.Эргешов жана Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын командири полковник О.Э.Пазыловдун башчылыгында өткөрүлдү. Мындан сырткары, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Т.Айткулов баштаган жетекчилик курам жана Баткен районунун акими У.Жоробаев баштаган жетекчилер да катышты.

Отряд командири полковник О.Э.Пазылов белгилегендей, жоокерлер куткаруучулук менен кошо ашпозчу, ширетүүчү адистиктерин да өздөштүрүшөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу