Жаңылыктар
21.03.2025 13:40
Кароолор: 271
БАТКЕН: ОТРЯД КУТКАРУУЧУЛАРЫ НООРУЗ МАЙРАМЫН ӨЗГӨЧӨ ШАҢ МЕНЕН ТОСТУ
Нооруз күн менен түн теңелген Улустун улуу күнү. Бул күндү элибиз байыртан эле жаңы күн катары ак тилек, асыл максат менен тоскон. Салтка айланган Нооруз майрамын Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы да өзгөчө шаң менен тосту.
Табияттагы жаңылануу, көктөм деми элибизде дагы аруулуктун, тазалыктын башаты катары майрамдалат эмеспи. Мына ошондуктан отряд командири полковник Пазылов Орозбек Элибаевич башында турган өздүк курам адегенде ак бата менен майрамдык иш чараны ачып, сүмөлөк кайнатылды.
Адатта сүмөлөк кайнатып жатып жалпы элге ынтымак, жерибизге тынчтык тиленет. Ал эми отряд куткаруучулары өздүк курамда лен соолук жана күжүрмөн даярдык каалады.
Кылым карыткан Нооруз майрамын белгилөөдө улуттук оюндар ойнотулуп, аскер айымдары селкинчек тепсе, куткаруучулар ордо ойноп, жоолук таштамай, кыз куумай жана спорттук оюндар менен майрамдын көркүн ачышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР