Жаңылыктар
27.01.2025 14:50
Кароолор: 452
БАТКЕН: ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТЕБИЗ
Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрттүк гидранттар да көзөмөлгө алынууда. Анткени гидранттын талаптагыдай болушу өрт өчүрүүчүлөр үчүн маанилүү болуп саналат. Тилсиз жоо катталган учурда даяр суу менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. Ага суу жеңчелерин туташтырууга болот жана жалынды өчүрүү үчүн сууга тез жетүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондуктан, учурда өрт өчүрүүчү-куткаруучулар өрттүк гидрант жана өрт коопсуздук эрежелерин эскертип жатышат. Ак-Сай айылында мечитте, турак үйлөрдө болуп, алдын алуу, негизги эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР