Жаңылыктар
04.09.2024 16:47
Кароолор: 578
БАТКЕН: ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ – ӨЗ КОЛУБУЗДА
Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаардагы борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү. Алгач №26 өрткө каршы күрөшүү бөлүгү тарабынан өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт өчүрүүчү куткаруучулар ыкчам чараларды көрүү менен материалдык баалуулуктарды сактап калууга жетишти.
Жарандардын ден соолугуна зыян келтирбөө, эң ириде коопсуздугун камсыздоо үчүн сатуучулар менен болгон жолугушууда келтирилген кемчиликтер боюнча талкуу болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, базар жетекчилигине тапшырмалар берилди.
Мындай машыгуу ӨКМ куткаруучуларынын күжүрмөн даярдыгын камсыздоого шарт түзүп, тажрыйбасын арттырууну камсыздайт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР