Жаңылыктар

16.04.2024 12:31

   Кароолор: 49

БАТКЕН: ӨРТТӨН САК, ЭРЕЖЕГЕ ТАК БОЛСОК – КООПСУЗДУК КАМСЫЗДАЛАТ

Баткен шаарындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери өрт коопсуздук эрежелери боюнча кошумча билимге ээ болушту. Аларга шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери сабак өтүп, өрттүн алдын алуу жана кокустук катталган учурда көрүлүүчү аракеттер тууралуу нускама өтүштү.

Андан соң, Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлери менен ыктыярчылары үчүн да сабак уюштурулуп, өрт чыгуу кооптуулугу кандай шартта жогору же төмөн болору, анын алдын алууда коопсуздук эрежелери кайсылар ж.б.у.с. суроолорго жооп берип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу