Жаңылыктар
09.02.2024 11:19
Кароолор: 324
БАТКЕН: ӨРТТӨН КЫРСЫГЫНАН ООЛАК БОЛОЛУ
Жарандар көбүн эсе турак же имараттарды жылытууда меш жана электр жабдыктарынын туура орнотулуусуна маани берүү керек. Себеби, өрт – тилсиз жоо. Анын алдын алуу үчүн коопсуздук эрежелерин эске алуу жана сактоо кажет.
Мындай маанидеги түшүндүрүү иштери облус аймагында тынымсыз уланууда. Бүгүн да Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылында мектеп окуучулары менен кошо “Айданек”, “Тайбөбөк” балдар бакчасында да болуп кайтты.
Ал ми Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт үйүндө өрт чыгуу коркунучу жаралган учурда эске алынуучу жагдайлар жана өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынын Свердлов көчөсүндө жана Финка банкында өздүк курам өрт коопсуздук эрежелери, дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабак өтүп, сунуш кагаздарын таратышты. Ошондой эле, турак үйдү өрттөн жана табыгый кырсыктан камсыздандыруу боюнча да маалыматтарды жеткиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР