Жаңылыктар

24.02.2024 11:46

   Кароолор: 196

БАТКЕН: ӨРТ - МЕНИН ДУШМАНЫМ

Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына мектеп окуучуларынан түзүлгөн жаш куткаруучулар мелдешке катышты.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү таймаш "Өрт - менин душманым" деген ураан астында уюштурулду. "Учкун" жана "Жалын" курама командалары өрт өчүрүүчү-куткаруучуларга тиешелүү болгон күжүрмөн даярдык, саптык кароо жана калыстар тобу тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча упай топтоду.

Тилсиз жоонун алдын алууда жана коопсуздук эрежелерин коомчулукка жеткирүүдө кошкон салымы үчүн мелдеш соңунда Ардак грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу