Жаңылыктар

03.02.2025 14:36

   Кароолор: 430

БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТООГО ӨЗГӨЧӨ МАМИЛЕ ЖАСАЙЛЫ

Өрт коркунучун алдын алуу жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча учурда түшүндүрүү иштери бардык жерде күчөтүлгөн тартипте уланууда. Текшерүү учурунда Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз күйүүчү май саткан учурлар катталган жок.

ӨКМ куткаруучулары менен кошо КР ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы көзөмөл кызматынын кызматкерлери чогуу жумуш алып барып, бул жолу Кызыл-Кыя шаарындагы “Армада” соода борборунда сатуучуларга сунуш кагаздарын таратышты. Өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Айрыкча, күйүүчү май жана тез күйүүчү каражаттар сатылган жайларда өрт өчүрүү шаймандары, алардын колдонуу мөөнөтү жана эвакуациялык планы текшерилди.

Мындай маанидеги иш-чаралар Баткен облусунун бардык район-шаарларындагы соода түйүндөрүндө, базар жана мекеме-ишканаларда да улантылмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу