Жаңылыктар
16.05.2024 11:29
Кароолор: 408
БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН АЛДЫН АЛУУ - БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ
КР ӨКМдин офицерлери өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча мекеме-ишканалардан тарта турак жай секторлоруна чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кадамжайлык өрт өчүрүүчү-куткаруучулар бүгүн Үч-Коргон айылындагы "Колобок" балдар бакчасында жана "Айни", Т.Тургунов атындагы орто мектебинде “Жаш өрт өчүрүүчүлөр” тобу менен биргеликте өрт-тактикалык сабак өткөрдү.
Мындан сырткары, Айыл банктын Кадамжай райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине өрт өчүрүү каражаттарын туура пайдалануу, өрт кырсыктарынын алдын алуу чаралары боюнча маалымат берилди.
Ал эми №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы тарабынан Айдаркен шаарындагы Гавян, Күн чыгыш, Жетим-Дөбө көчөлөрүнүн тургундарына да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, от жана электр приборлорун пайдалануудагы коопсуздук эрежелери эскертилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР