Жаңылыктар
23.06.2023 14:11
Кароолор: 986
Баткен: Өрт коопсуздугун камсыздоо аракети бардык аймактарда улантылууда
Бул багытта Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №31, №106 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери Самаркандек, Ак-Сай жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында турак үйлөрдө, дүкөндөрдө, ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо оруп-жыйноо иштеиндеги өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Баткен шаарында жайгашкан борбордук базарында, соода түйүндөрүндө, ошондой эле Кадамжай районунун Торговый соода жайында да ӨКМ аскер кызматкерлери тилсиз жоонун алдын алуу тууралуу профилактыкалык иш-чараларды уюштурууда.
Кызыл-Кыя шаарында да өздүк курам тарабынан Аскер комиссариатында, “Таштемир Ажы” медресесинде, К.Баялинов көчөсүнүн жашоочуларына өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сунуш кагаздары таратылып, турак жайды камсыздандыруу боюнча маалымат берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР