Жаңылыктар
15.12.2024 14:48
Кароолор: 299
БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ – БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ
Баткен шаары боюнча ӨКБнүн №26 ӨККБнүн кызматкерлери шаар жашоочулар менен жолугуп, ар бир турак үй ээсине электр зымдарын туташтырууда, жылытуу приборлорун пайдаланууда жана меш жагууда коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Ал эми соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүп, өрт өчүрүү каражаттарын сөзсүз түрдө орнотуу, аны пайдалануудагы эске алчу негизги эрежелер тууралуу маалымат берүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР