Жаңылыктар
28.11.2024 16:14
Кароолор: 171
БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ – АР БИР ӨМҮРДҮН КЕПИЛДИГИ
Күз-кыш мезгилинде өрт кооптуулугун алдын алуу иштерин уюштуруу жана күчөтүү аракетинде Лейлек району боюнча ӨКБнүн өздүк курамы милиция кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Чимген, Катраң, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Бешкент жана Кулунду айыл өкмөттөрүндө болуп, турак үйлөрдө, меш жана электр жылытуу приборлорун пайдалануудагы өрт коопсуздук эрежелерин эскертишти.
Имаратты жылытууда жарандар көп учурда мешти туура эмес орнотуп же морду таза кармабагандыктан ката кетиришет. Ошол эле учурда, электр зымдарынын кыска чыңалуусу да жалындын тутануусуна шарт түзөт. Мындай кооптуулуктун алдын алууда эң оболу өрт коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү.
ӨКМ жана ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мындай коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү менен катар эле турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктан камсыздандыруу, анын зарылдыгы тууралуу да маалымат таркатып жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР