Жаңылыктар

18.10.2023 11:16

   Кароолор: 385

БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУГУ ӨЗ КООПСУЗДУГУҢУЗ ҮЧҮН

Бул багытта Баткен жана Кадамжай райондук, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери соода түйүндөрүндө, турак жай секторлорунда өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат.

Кызыл-Кыя шаарындагы Раимкулов медициналык борборунда, Оорулардын алдын алуу бөлүмүндө, Армада соода борборунда жана шаар тургундарына да өрттүн алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча нускама өткөрүлүп, шаар жашоочуларына сунуш кагаздары таркатылды.

Ал эми Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери Бужум айылында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушса, Айдаркен шаарындагы №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери Мадымаров, Маяковский жана Жетим-Дөбө көчөлөрүндө турак үйлөрдөгү өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалымат беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу