Жаңылыктар
14.10.2024 13:07
Кароолор: 486
БАТКЕН: ӨРТ КОЛДОНМО СПОРТУНУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө өздүк курамдын күжүрмөн, дене тарбиялык жана кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга багытталган мелдештин облустук туру Кадамжай районунда өткөрүлдү.
Район-шаарлардагы ӨК бөлүмдөрүнүн арасында өткөн “Өрт- колдонмо спорту” боюнча мелдеште өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын спорттук жана күжүрмөн даярдыгы убакыт менен бааланды.
Сынак 4 кабаттуу машыгуу мунарасына илме шаты менен чыгуу, өрт өчүрүү күжүрмөн эсибин жайылтуу жана 3 муундуу шаты менен чыгуу боюнча үч бөлүк менен өттү.
Мындай иш-чаралар тилсиз жоо менен каршы күрөшүүдө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам жана кесиптик чеберчилигин арттырууга, тажрыйба арттырууга салым кошот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР