Жаңылыктар

20.03.2024 10:45

   Кароолор: 412

БАТКЕН: ОКУУЧУЛАР ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАРГА КАТЫШУУДА

Ушул тапта облус аймагындагы дээрлик бардык мектептерде өрт-тактикалык машыгуулар өтүп жатат. Окуучулар машыгуунун алкагында өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда коопсуз жайга чыгуу, жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү, өзүн алып жүрүү эрежелерин өздөштүрүүдө.

Мындай маанидеги иш-чара Лейлек районундагы №111 ӨККБ тарабына А.Файзиев атындагы жана Раззаков шаарындагы Амур-Темур орто мектебинде, Сүлүктү шаарындагы №1 жана Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Эделвейс” балдар бакчасында да уюштурулду.

Аймактарда өтүп жаткан машыгууда күжүрмөн эсеп менен кошо атайын өрт өчүрүү унаасы да тартылып, мектептерде уюшулган куткаруучулар тобу да көмөк көрсөттү. Ал эми ӨКМ офицерлери окуучуларга тилсиз жоонун алдын алуудагы негизги эрежелер боюнча маалымат берип, кокустук катталган учурда өрт өчүрүү каражаттарын пайдалануу ыкмаларын көрсөтүп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу