Жаңылыктар

11.05.2024 15:08

   Кароолор: 558

БАТКЕН: ОКУУЧУЛАР ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Өрт коопсуздук эрежелерин билүү, аны сактоо ар бир жаран үчүн маанилүү. Ошондуктан ӨКМдин аскер кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар эле өрт-тактикалык машыгууларды да өткөрүп келишет.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка-2 айылында жайгашкан Б.Набиев атындагы орто мектебинде өткөн машыгууда да алгач мектеп имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат берилип, өрттү өчүрүү, окуучуларды коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүргүзүлдү.

Андан соң окуучулардан түзүлгөн “Жаш куткаруучулар” тобу куткаруучулар менен кошо жабыркаган окуучуларды куткарып, алгачкы жардам көрсөтүштү. Соңунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү, өрт чыгуу коркунучу байкалган же катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышуу тууралуу маалымат берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу