Жаңылыктар
17.02.2025 16:18
Кароолор: 123
БАТКЕН: ОКУУЧУЛАР КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШТҮ
Сүлүктү шаарында мектеп окуучулары коопсуздук эрежелерин үйрөнүштү. Анткени шаардагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 52 өрткө каршы куткаруу бөлүгү тактикалык-машыгуу учурунда өзүн алып жүрүү эрежелерин практикада көрсөтүп беришти.
Машыгуунун сценарийине ылайык, А.Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинде чыккан өрт тууралуу алгачкы маалымат ыкчам-нөөмөт бөлүмчөсүнө түшөр замат 1 күжүрмөн эсепте өрт өчурүүчү-куткаруучулар тыртылып, имараттын ичиндеги окуучулар коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми жабыркаган окуучулар Тез жардам кызматына өтөрүлүп, тилсиз жоо ыкчам түрдө өз учурунда өчүрүлдү.
Мындай машыгуулар өрт жана башка техногендик кырсыктын алдын алууда өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын, ошондой эле жарандардын, анын ичинде окуучулардын билимин практикада бекемдөө максатында бардык аймактарда уюштурулууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР