Жаңылыктар
25.12.2024 18:30
Кароолор: 337
БАТКЕН: ОКУУЧУЛАР КОКУСТУК УЧУРУНДАГЫ ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШТҮ
Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан билим берүү мекемелеринде өрттүн алдын алуу боюнча практикалык сабактар уюштурулуп жатат. Айрыкча, жаңы жылдык кечелерди өткөрүү учурунда, балатыны кооздоо учурунда коопсуздук эрежелери боюнча мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуучулар менен сабак өтүштү.
Бужум айылындагы Бужум жалпы билим берүү мектебинде өткөрүлгөн өрт тактикалык машыгууда өрт өчүрүү каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөтүп, коопсуз жайга чыгууда өзүн алып жүрүү, куткаруу боюнча да үйрөнүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР