Жаңылыктар

28.11.2024 16:19

   Кароолор: 166

БАТКЕН: ОКУУ ЖАЙДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Өрт же башка кокустуктар качан, кайда катталарын эч ким билбейт. Бирок, кырсыктардын тобокелдигин алдын алууга, тилсиз жоону болтурбоо аракеттерин көрүүгө болот. Ал үчүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын, ошол эле кезде жарандардын да даярдыгы, маалымдуулугу маанилүү.

Мына ошондуктан, Баткен мамлекеттик университетинин башкы имаратында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлүп, шаардагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылды.

Машыгуунун атайын сценарийине ылайык, өрт имараттын короосунда катталып, бактыга жараша материалдык чыгым жана адам өмүрүнө коркунуч келген жок. Адегенде окутуучулар менен кошо студенттер коопсуз жайга эвакуацияланып, жабыркаган 2 жаранга студенттер курамынан түзүлгөн ыктыярчылар тобу тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Ал эми ӨКМ куткаруучулары тилсиз жоону өз учурунда курчоого алып, ыкчам түрдө өчүрүүгө жетишти. Андан соң окуу жайдын ыктыярдуу тобу жана бардык кызматкерлер үчүн өрт өчүрүү каражаттарын туура пайдалануу, коопсуздук эрежелери тууралуу практикада көрсөтүлдү.

Соңунда ӨКМ офицерлери нускама өтүп, күндөлүк турмушта эске алуучу негизги өрт коопсуздук эрежелери, тилсиз жоо же кокустук катталган учурда өзүн туура алып жүрүү, өрт өчүрүүчү каражаттарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай машыгуу, аталган окуу жайдын өрт кырсыктарынын алдын алууда жана ага карата даярдыгын бекемдөөгө, ал эми ӨКМ куткаруучуларынын күжүрмөн даярдыгын дагы да жогорулатууга шарт түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу