Жаңылыктар

15.03.2024 15:00

   Кароолор: 868

БАТКЕН: ОКУУ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАКТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Лейлек районунда ӨКМ офицерлери өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында диний окуу жайларында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. “Таир” медресесинде болгон жолугушууда өздүк курам өрт-тактикалык сабактарды өтүп, жалынды өчүрүү жана эске алуучу негизги эрежелер боюнча практикада көрсөтүп беришти. Соңунда медресеге 5 даана атайын өрт өчүрүүчү каражаттарды белек катары ыйгарышты.

Кадамжай районундагы Исфайрам орто мектебинде №75 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы тарабынан өрт-тактикалык сабак өткөрүлүп, жалын чыгуу коркунучунун алдын алуу, кокустук катталган учурда коопсуздук жана өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат берилди. Ал эми Баткен шаарында №57 Кесиптик лицейинде, Ыйман гимназия мектебинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу