Жаңылыктар
20.04.2024 11:02
Кароолор: 227
БАТКЕН: ӨКМчилер "УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНДӨ"
Республика боюнча өтүп жаткан айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акциясына баткендик куткаруучулар да активдүү катышууда. Имараттын жана жол жээктерин тазалоо менен катар эле таштандыларды бөлүп чогултуу, экологиялык маданиятты жайылтуу демилгесин колдоого алышты.
Улуттук тазалык күнүндө ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, район-шаардагы бөлүмдөр жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын өздүк курамы катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР