Жаңылыктар
07.10.2024 16:40
Кароолор: 284
БАТКЕН: ӨКМ ОФИЦЕРИ МАРКУМ А.ЫСМАНОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ
Өздүк курамдын ынтымак-биримдигин бекемдөө жана дени сак жашоо образын жайылтуу, күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Салтка айланган спорттук мелдеш бул жолу кесиптешибиз, маркум лейтенант Айбек Ысмановдун жаркын элесине арналды.
Мелдешке жалпы жонунан 6 команда катышып, оюн талаасында өз даярдыгын көрсөтүштү. Ал эми калыстар тобу командалардын ойноо чеберчилигине баа берип, башкы 3 орунга татыктуу командаларды аныктоого калыстык көрсөтүштү.
Натыйжада 3-орунду Баткен шаарынан №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгү, 2-орунду Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, ал эми 1-орунду Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн №106 Өрткө каршы куткаруу бөлүгү багындырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР