Жаңылыктар

09.05.2024 10:04

   Кароолор: 194

БАТКЕН: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ООРУКТУН АРДАГЕРЛЕРИН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Бүгүн өлкө аймагында Улуу жеңиштин 79 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул улуу датанын келиши жана тынчтык үчүн өмүрүн арнаган биздин чоң ата, чоң апалардын катары да тилекке каршы жыл өткөн сайын азайып барат. Аталардын ал жайын сурап, ӨКМ кызматкерлери да майрамдык белектерин тапшырып кайтты.

Баткен шаарынын тургуну Жороев Жаанбай атаны шаар мэри жана мекеме жетекчилери менен кошо кабар алып, акчалай жардам берип кайтышты.

Ушундай эле майрамдык куттуктоолор ӨКМдин Кадамжай, Лейлек жана Кызыл-Кыя район-шаарларындагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан да айтылып, ооруктун ардагерлерине майрамдык белек жана акчалай көмөк көрсөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу