Жаңылыктар
06.12.2023 11:41
Кароолор: 233
БАТКЕН: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алды. Алгач шарты оор турмушта жашап жаткан Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө болуп, Чоң-Талаа айылынын тургундары менен жолугушту.
3-декабрь – ден соолугунан мумкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата демилге көтөргөн райондук бөлүмдүн кызматкерлери мындай колдоону жыл сайын улантып келишет. Офицерлер аярлуу катмардагы жарандарга жылуу сөзүн айтуу менен кошо тамак-аш азыктарын тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР